Орусияда элди көчөгө чыгуу чакырыгы салынды

Алексей Навальный, Твиттер барагынан бөлүшкөн чакыруусунда пенсияга чыгуу жашынын эркектерде 65ке, аялдарда 63кө жогорулатылышынын «кылмыш» болоорун жактады.

995460
Орусияда элди көчөгө чыгуу чакырыгы салынды

Орусиялык оппозициядагы активист Алексей Навальный, өкмөттүн пенсияга чыгуу жашын жогорулатканына байланыштуу долбооруна нааразылык билдириш үчүн элди 1-июлда көчөгө чыгууга чакырды.

Алексей Навальный, Твиттер барагынан бөлүшкөн чакыруусунда пенсияга чыгуу жашынын эркектерде 65ке, аялдарда 63кө жогорулатылышынын «кылмыш» болоорун жактады.

Навальный: «Статистикалык жактан караганда Орусияда эркектердин 40 пайызы, аялдардын 20 пайызы пенсионер боло турган жашка жетишпейт. Кечээ кимге добуш бергениңиздин эч бир мааниси жок. Эми көчөгө чыгыңыздар же болбосо эртеңки күнү пенсияга чыкканыңызды көрө албайсыздар»,-деп жазды.

Нааразылык акцияларынын Дүйнөлүк кубок оюндары ойнолгон шаарларда өтүшү боюнча 1,2 миллион кол тамгасы чогултулганын белгилеген Алексей Навальный, элди 1-июлда долбоорго нааразылык билдириш үчүн чакырды.

Орусия өкмөтү алдыдагы жылдан тарта пенсия жашынын баскычтуу түрдө эркектер үчүн 60тан 65ке, аялдар үчүн 55тен 63кө жогорулатылышын көздөгөн долбоорду 14-июнда Орусия Парламентинин астыңкы баскычы Думага сунуштаган.



Тектеш кабарлар