АКШ Түндүк Кореяда 3 миңден ашуун атомдук жана ракеталык ишкана бар экенин белгиледи

АКШнын чалгындоо кызматы, Түндүк Кореяда 3 миңден ашуун атомдук жана ракеталык ишкана белгиледи.

994726
АКШ Түндүк Кореяда 3 миңден ашуун атомдук жана ракеталык ишкана бар экенин белгиледи

АКШнын чалгындоо кызматы, Түндүк Кореяда 3 миңден ашуун атомдук жана ракеталык ишкана белгиледи.

Түштүк Кореядагы «Мунхба Ллбо» гезитинде чыккан маалыматка караганда Түндүк Кореядагы алгачкы жашыруун атомдук иштер 1982-жылы АКШ тарабынан белгиленген. Арадан өткөн 36 жыл бою Түндүк Корея атомдук ишканаларын тынымсыз өнүктүрдү.

Кабарга караганда бул ишканалардын АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өткөн аптада кол койгон келишим боюнча жасала турган текшерүүлөр эл аралык деңгээлде олуттуу маселе жаратат.

Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын 12-июнда Сингапурда ишке ашкан жолугушуусунда; Пхеньян жана Вашингтон тарабынан коопсуздук кепилдигине карата Корей жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы тууралуу документке кол коюлду.

Трамп да буга жооп иретинде (Пхеньяндын көп жылдар бою талап кылган) Түштүк Корея менен биргелешкен аскердик машыгууларды токтотууга убада берди.



Тектеш кабарлар