Жакынкы Чыгышта Рамазан майрамы

Али ес  - Систани бүгүнкү күндү майрам деп жарыялаган жок.

993031
Жакынкы Чыгышта Рамазан майрамы

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн дээрлик баарында Рамазан майрамы бүгүн майрамдалып жатат.

Арап өлкөлөрүндөгү диний бийликтер жарыялаган фетвалардын негизинде  Рамазан майрамынын башталышынын символу болгон жарым айдын чыгышы менен Сауд Аравия, Катар, Бириккен Арап Эмирликтери, Бахрейн, Кувейт, Йемен, Палестина, Иордания, Умман, Египет, Судан, Ирак Ливан, Сирия, Ливия, Тунис, Марокко жана Алжир Рамазан майрамын бүгүн майрамдап жатат.

Бир тараптан Иракта суннит фонду бүгүн Рамазан майрамынын биринчи күнү болорун жарыялаган болсо, эң жогорку шиит диний лидер Али ес  - Систани бүгүнкү күндү майрам деп жарыялаган жок.

Ирактын Нежеф шаарындагы 5 башка диний лидер да бүгүнкү күндү Рамазан майрамынын биринчи күнү болорун билдирди.

Кээ бир ислам өлкөлөрү өз өлкөлөрүндө жарым айдын чыгышын негиз кылып алышкандыктан Рамазан айында же майрамдын башталгыч күнүндө айырмачылыктар болушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар