Францияда бузула турган үйдө алтын монеталар табылды
Монеталардын наркы 100 миң евро.
Франциянын түндүк-батышындагы Бритония аймагында бош үйдү бузуу учурунда алтын монетелар табылды.
Маалымдалгандай Бритония аймагындагы бузуу учурунда жумушчулар үйдүн кампасында 1870-жылдардан калган 600 даана алтын монета тапкандары билдирилди.
Табылган акчалардын Бельгияга таандык экени айтылган билдирүүдө, монеталардын бетинде ал мезгилдеги Бельгиянын королу Леопольд IIнин сүрөтү орун алганы белгиленди.
Монеталардын орто эсеп менен 100 миң евро наркында экени божомолдонууда.
Тектеш кабарлар
Индияда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.
Макрон-Зеленский жолугушуусу
Макрон: "Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү" деди.