Канадада Г – 7 лидерлер саммити өткөрүлүүдө

Канаданын Квебек аймагында өткөрүлгөн саммиттин биринчи күнүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

989100
Канадада Г – 7 лидерлер саммити өткөрүлүүдө

 

Дүйнөнүн эң чоң экономикасына ээ жети өлкөнүн лидерлерин жолугуштурган Г – 7 лидерлер саммитинин биринчи күнү аяктады. Канаданын Квебек аймагында өткөрүлгөн саммиттин биринчи күнүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Канаданын премьер  - министри Жастин Трюдо жолугушту. Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы бажы келешпестигинин көлөкөсүндө жүргүзүлдү.

Дональд Трамп  : «Карым  - катнаштарыбыз мыкты. Бажы салыктарын түшүрүү жана өлкөлөрүбүз үчүн адилеттүү жерге алып келүү үчүн иштеп жатабыз. Көп жолду басып өттүк бирок кандай улантыларын көрөбүз»,- деди.

Канаданын премьер  - министри Трюдо болсо бажы салыгы маселесинин абдан маанилүү экендигин жана эки өлкөнүн пайдаларына зыян келтирбестен чечилиши үчүн аракет кылышкандарын белгиледи.

Трамп Трюдо менен сүйлөшкөндөн кийин Франциянын президент Эммануэль Макрон менен жолугушту. Трамп менен Макрон жолугушууда АКШ менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода жана бажы салыгы тууралуу темаларды карап чыгышты.

Трамп : «Карым  - катнаштарыбыз мыкты бирок соода тууралуу кээ бир тесттерден өттүк. Оң нерселердин болорун ойлоп жатам»,- деди.

Макрон болсо эки тарап тең пайда көрө турган формуланын табылышын эки тараптын тең каалагандыгын көргөндүгүн жана мындан кубанычтуу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар