Израль тыюу салынган окторду колдонууда
Газа чек арасында жаралангандардын 51 пайызынын колдонулуусуна тыюу салынган октор менен жаралангандыгы билдирилди.
Газа чек арасындагы «Улуу кайтуу жүрүшү» митингинде жаралангандардын 51 пайызынын колдонулуусуна тыюу салынган октор менен жаралангандыгы билдирилди.
Газадагы саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел - Кудра берген жазуу түрүндөгү маалыматында : «»Улуу кайтуу жүрүшү» митингдеринде жаралангандардын 51 пайызы жок кылуучу октор менен атылды. Тыюу салынган бул куралдын колдонулушу өлүү жана оор жаралуу санын арттырды»,- деди.
Кудранын билдирүүсүндө 30 - марттан бери болуп келе жаткан митингдерде шейит болгон плестиналыктардын санынын 127ге жеткендигин, 14 миңден ашуун кишинин жаралангандыгын билдирди.
Катчы кечээ берген жазуу түрүндөгү маалыматында да Израиль аскерлеринин Газа чек арасында «Миллондук Кудс» митингин өткөргөн палестиналыктарга кийлигишүүсүндө 4 палестиналыктын шейит болгондугун, алардын ичинен төртөөсүнүн балдар экендигин жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Мексикада мигранттарды ташыган жүк ташуучу унаага ок атылды
Окуяда 6 мигранттын каза болгондугу, 10 кишинин жараланганы белгиленди.