Дональд Трамп Ак үйдө ооз ачырды

Ооз ачырууга араларында Түркия да болгон калкынын көпчүлүгү мусулман кээ бир өлкөлөрдүн Вашингтондогу чет элдик миссия өкүлдөрү катышты.

987907
Дональд Трамп Ак үйдө ооз ачырды

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө биринчи жолу ооз ачыруу тамагын берди.

Ооз ачырууга араларында Түркия да болгон калкынын көпчүлүгү мусулман кээ бир өлкөлөрдүн Вашингтондогу чет элдик миссия өкүлдөрү катышты.

Өткөн жылы Ак үйдүн салтынан чыгып ооз ачыруу тамагын бербеген Трамп бул жылы аз киши катышкан эң көп Вашингтондо кызмат кылган чет элдик  миссиянын өкүлдөрүн тосуп алды.

Ооз ачуудан мурда кыскача сөз сүйлөгөн Трамп бардык мулуман ааламын Рамазан айы менен куттуктагандыгын жана калкынын көпчүлүгү мусулман өлкөлөрдөн өкүлдөрдү Ак үйдө тосуп алуудан кубанычтуу экендигин айтты.

Бир тараптан Трамптын исламофобиялык сөздөрү жана Ак үйдөгү ооз ачырууга чакырылбагандыгына каршы митингге чыккан кээ бир мусулман жарандык коом уюмдары Ак үйдүн алдындагы Lafayette Паркында «альтернатв» бир ооз ачуу программасын ишке ашырышты.

Ак үйдүн тышындагы ооз ачууга Америка  - Ислам карым  - катнашары Кеңеши жана Түндүк Америка Ислам Жамааты сыяктуу  АКШнын алдыңкы жарандык коом  мекемелеринин өкүлдөрү да катышты.

АКШнын мурунку президенттеринен Билл Клинтон, Жорж Буш жана Барак Обама мезгилинен 2016 -  жылга чейин 20 жылга жакын убакытта Ак үйдө салттык ооз ачыруу программасы уюштурулган.

АКШнын президенти Трамп бул салтты бузуп өткөн жылы Рамазан айында Ак үйдө ооз ачырбастан коомчулук каршы чыккан болчу.

 



Тектеш кабарлар