Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын Саммити үчүн медаль чыгарылды

Сингапурда Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын саммитинин алдында эстелик медалн чыгарылды.

986660
Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын Саммити үчүн медаль чыгарылды

Сингапурдун Борбордук банкы 12-июнда Сингапурда өтүшү пландалган АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын саммитинин алдында эстелик медалын чыгарды.

Алтын, күмүш жана никель жалатылып долбоорлонгон медалдардын алдыңкы бетинде Түндүк Корея менен АКШнын желектеринин алдында саламдашкан эки кол орун алса, арка бетинде «Дүйнө тынчтыгы» жазуусунун астында тынчтыкты өкүлдүк кылган көгүчкөн менен эки өлкөнүн улуттук гүлдөрү роза жана магнолиядан турган букет орун алды.

3 миң даана басыла турган алтын медалдын бирөө 1380 Сингапур долларына (1033 АКШ доллары), 15 миң даана басыла турган күмүш медалдын 118 Сингапур долларына (88 АКШ доллары) жана талапка жараша рынокко чыгарыла турган никель жалатылган медалдын болсо 36 Сингапур долларына (26 Америка доллары) сатыла турганы белгиленди.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 12-июнда Сингапурда жолугат.

Саммитте ядролук куралсыздануу жана коопсуздук темалары каралат.

Саммиттин 1950-53-жылдардагы Корея согушунан бери уланган ок атпоо абалынын туруктуу тынчтыкка айланышы жагынан орчундуу кадам болушу көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар