Иорданиянын премьер - министри арызын берди

Иорданиянын премьер  - министри Хани ел  - Мулки талаш  - тартыштуу салык мыйзамына каршы өткөрүлгөн митингдерден кийин арызын берди.

985608
Иорданиянын премьер  - министри арызын берди

Иорданиянын премьер  - министри Хани ел  - Мулки талаш  - тартыштуу салык мыйзамына каршы өткөрүлгөн митингдерден кийин арызын берди.

Иорданияда жарыяланган «Дүстур» гезитинин премьер  - министрге жакын булакка таянып берген кабарга караганда Король Абдуллахка арызын берген Мулки өкмөтүндөгү министрлерден да арыздарын беришин суранды.

Өкмөкткө жакын булактардан алынган маалыматка караганда Король Абдуллах Мулкинин арызынан кийин Өмер ер  -  Реззазды жаңы өкмөттү куруу менен милдеттендирди. Реззаз Мулки өкмөтүндө билим берүү министри катары кызмат кылып жаткан.

Реззаз Мулки өкмөтүндө билим берүү министри катары кызмат кылган Иордания өкмөтү талаш  - тартыштуу салык мыйзам долбооруна 21 -  майда кол коюп парламенттин биринчи канаты өкүлдөр парламентине өткөргөн.

Эл аралык акча фонду ИМФнин долбоору катары көрүнгөн долбоорго кээ бирлер каршы чыгып, борбор шаар Амман менен Ирбид, Тафила, Ел  -  Керак, Ер – Ремсе жана Маан шаарларында митингдерди өткөрүшкөн.

Король Абдуллах да митингдердин өткөрүлүшүнө себеп болгон салык мыйзам долбоору тууралуу өкмөттү жана парламентти макулдашууга чакырган.

 



Тектеш кабарлар