Индияда 4 миллиард 240 миллион жылдык тоо тек табылды

New Straits Times гезитинин кабарына караганда дүйнөнүн эң эски экинчи тоо теги Индияда табылды.

983222
Индияда 4 миллиард 240 миллион жылдык тоо тек табылды

New Straits Times гезитинин кабарына караганда дүйнөнүн эң эски экинчи тоо теги Индияда табылды.

Индия, Кытай жана малайзиялык геологдор тарабынан 8 жыл мурда Индиянын Одиша аймагында табылган жана иликтөө жүргүзүлгөн тоо тектин 4 миллиард 240 миллион жылдык экендиги аныкталды.

Малайзиялык геолог Ражат Мазумдер бул тууралуу берген маалыматында : «8 жылдан бери тыкандык менен иш жүргүзүлгөн эмгектердин натыйжасында тоо тектен табылган материалдар 4 миллиард 240 миллион жылдык экендигине байланыштуу белгилерди берди. Бул ушул кезге чейин аныкталган экинчи тоо тек. Булар бизге дүйнөнүн өткөн күнү тууралуу маалыматтарды берет»,- деди.

Дүйнөнүн эң эски  тоо теги катары белгиленген 4 миллиард 400 миллион жылдык аска Австралиянын батышындагы Джек-Хиллде табылган.



Тектеш кабарлар