Украинада орус журналист каза болду

Журналист Бабченко 2017 -  жылы Орусиядан чыгып Киевге жайгашан.

981867
Украинада орус журналист каза болду

 Украинада  орус журналист Аркадий Бабченко үйүндө учураган кол салууда каза болду.

Украинанын ички иштер министрлиги борбор шаар Киевде телекөрсөтүү каналдарынан бирөөсүнүн алып баруучусу болгон Бабченконун өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

Министрликтин Бабченконун тез жардам унаасы менен ооруканага алып бара жатканда каза болгондугу белгиленген маалыматта : «Окуя борбор шаар Киевдин Днепропетровск районундагы Никольско – Слободская проспектисинде болду. 102 маалымат телефонуна билдирүү келди: аларга бир аял телефон чалган жана күйөөсүнүн үйүндө жаралуу жаткандыгын айткан. Алгачкы  белгилөөлөргө караганда каза болгон киши оболу желкесинен жараланып каза болгон. Каза болгон кишинин телекөрсөтүү каналдарынын бирөөсүнүн алып баруучусу 1977 – жылы туулган Орусия федерациясынын жараны»,- деп билдирилди.  

Журналист Бабченко 2017 -  жылы Орусиядан чыгып Киевге жайгашан.

Түрдү газета жана телекөрсөтүүлөрдө иштеген Бабченко акыркы болуп Киевде Крым татар телекөрсөтүүсү АРТде өз программасын алып барып жаткан.

Ошол эле учурда Кремлдин катчысы Дмитрий Песков журналист Аркадий Бабченконун Киевде өлтүрүлгөндүгүн билдирди. Песков бул өлкөнүн журналисттер үчүн абдан коркунучтуу жерге айлангандыгын жана окуянын кенен түрдө териштирилерин ойлогондугун белгиледи. Песков : "Украинада көп сандаган журналисттин өлтүрүлгөндүгүн, өлкөдөн чыгарылгандыгын жана камакка алынгандыгын билебиз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар