Индия Иран тууралуу кандайдыр бир өлкөнүн эмес, БУУнун санкцияларына көңүл бурарын билдирди

Сушма Сварадж Индиянын АКШнын же кандайдыр бир өлкөнүн санкцияларын таныбагандыгын, бир гана БУУнун санкцияларын ишке шарырарын айтты.

981386
Индия  Иран тууралуу кандайдыр бир өлкөнүн эмес, БУУнун санкцияларына көңүл бурарын билдирди

 

The Hinduнун кабарына караганда Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж өткөргөн жылдык пресс  - жыйынында АКШнын Иранды бутага алган жаңы санкциялар тууралуу суроолорго жооп берди.

Сушма Сварадж Индиянын АКШнын же кандайдыр бир өлкөнүн санкцияларын таныбагандыгын, бир гана БУУнун санкцияларын ишке ашырарын айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өткөн жумаларда Иранга ядролук курал өндүрүүнү  токтотуусу жана Жакынкы Чыгыштагы «террордук топторго» колдоону токтотууга чакырды, болбосо бул өлкөгө «тарыхтын эң катуу санкцияларынын салынарын» билдирген.

Помпеонун бул билдирүүсүнөн кийин АКШ башкаруусу, Йеменде башкарууну колго алган хусилерге, Иран Төңкөрүш Гвардияларынын атынан курал жана техникалык жардам берди деген негиз менен 5 Иран жаранына жана кара тизмедеги ирандык аба жолу фирмаларына Америка тектүү каражаттарды берди деген негиз менен 9 киши жана мекемеге каршы санкция салуу чечимин чыгарган.



Тектеш кабарлар