Сокотра аралы апаат аймагы деп жарыяланды

Сокотра башкаруучусу Ремзи Махрус жоголгон киши санынын 17ге жеткендигин билдирди.

978094
Сокотра аралы апаат аймагы деп жарыяланды

Йемен өкмөтү «Мекуну» борошосунун таасир астында калган жана 17 киши каза болгон Сокотра аралын апаат аймагы деп жарыялады.

Йемендин расмий агенттиги SABАда орун алган кабарга караганда өкмөттүн катчысы Ражих Бади : “Сокотра кишилердин жоголушу жана чыгымдардан улам апаат аймагы деп жарыяланды»,- деди. Бади аралдагы айылдар же бийик жерлерден чыга албай калган элдин чукул жардамга муктаж экендигин айтты.

Катчы : «Коалиция күчтөрүндөгү бир тууган өлкөлөр менен эл аралык мекемелерден селден жабыр таркан кишилерге чукул жардам жеткирүүлөрүн суранабыз»,- деди.

Сокотра башкаруучусу Ремзи Махрус болсо аралдагы мүмкүнчүлүктөрдүн «Мекуну» борошосуна күчүнүн жетпей тургандыгын айтты. Борошодон улам эки кеменин чөккөндүгүн, үч унаанын селге кабылгандыгын билдирген Махрус жоголгон киши санынын 17ге жеткендигин билдирди.

 



Тектеш кабарлар