ЮНИСЕФ Йеменге вакцина жөнөттү

Вакциналар балдардын өмүрүн сактап калууда.

977824
ЮНИСЕФ Йеменге вакцина жөнөттү

БУУнун Балдарга жардам фонду Йеменге 6 миллион дозалык вакцина жөнөттү.

ЮНИСЕФтин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, 6 миллион дозалык вакцина менингит жана пневмония ооруларына каршы колдонуу үчүн жөнөтүлгөн. Дары-дармек ташыган учактын Йемендин борбор калаасы Санага жеткенин да кошумчалаган.

Эске салсак, былтыр ноябрь айында Санага 1 миллион 900 миң дозалык вакцина жөнөткөн ЮНИСЕФ, вакциналардын жардамы менен 600 миң баланын өмүрүн сактап калганын билдирген болчу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетторуна караганда, Йеменде 2017-жылдын апрель айынан бери холера эпидемиясынан 2200дөн ашуун адам көз жумду.

Кептөөр эпидемиясы да орто эсеп менен 100 кишинин өмүрүн алды.

Йеменде калктын 60 пайызынын медициналык кароодон өтө албаганы, оорукана жана медпункттар сыяктуу борборлордун 50 пайызынын же жабык экени же болбосо толук кызмат көрсөтпөгөнү маалымдалды.



Тектеш кабарлар