Д витаминдин жетишсиздиги бел менен курсактагы ашыкча майдын пайда болушуна алып келет

Д витаминдин жетишсиздиги көп ооруга себеп болот.

978320
Д витаминдин жетишсиздиги бел менен курсактагы ашыкча майдын пайда болушуна алып келет

Нидерландияда жүргүзүлгөн изилдөө, Д витаминдин жетишсиздиги бел менен курсактагы ашыкча майдын пайда болушуна алып келээрин ортого салды.

Лейден университетинен Рачида Рафик жана аны коштогон топ жүргүзгөн изилдөөдө, курсактагы ашыкча май менен Д витаминдин жетишсиздигинин ортосунда күчтүү байланыш болгондугу белгиленди.

Рачида Рафик, изилдөөнүн жыйынтыктарына караганда көбүнчө бел жана курсагына май чогулган кишилердин Д витаминдин жетишсиздиги менен бетме-бет келгендигин, бул кишилердин канындагы Д витаминди текшертип көрүүүсү керектигин айтты.

Акыркы жылдарда жүргүзүлгөн айрым изилдөөлөр, денедеги Д витаминдин жетишсиздиги глюкоза (кант) жана инсулиндин деңгээлине таасирин тийгизгенин көрсөтүүдө.

Д витаминди аба аркылуу күндүн нурунан алабыз. Ал ошондой эле балыктын майында, боордо, жумуртканын сарысында, козу карында көп болот.

Кальцийди камсыз кылуу үчүн да керектүү болгон Д витаминдин жетишсиздиги болсо, сөөкттөрдүн бузулушуна алып келет.



Тектеш кабарлар