Сорос фонду Венгриядан көчөт

Ачык Коом фонду Германиянын борбор шаары Берлинге көчүү чечимин чыгарды.

972489
Сорос фонду Венгриядан көчөт

Венгер тектүү америкалык ишкер Жорж Сорос тарабынан курулган жана 1984 -  жылдан бери Венгрияда иш алып барган Ачык Коом фонду Германиянын борбор шаары Берлинге көчүү чечимин чыгарды.

Ачык Коом фонду тарабынан берилген маалыматта Венгрияда жарандык коом мекемелеринин иштеринин чектелгендигине басым жасалды.

Маалыматта фонддун төрагасы Патрик Гаспардын : «Венгер өкмөтү саясий кызыкчылык үчүн Европа Биримдиги тарыхында окшошу болбогон тактикалар менен аткарган иштерибизди каралап жатат. Бизге жалаа жаап жана бизди жаңылыш таанытып жатышат. «Соросту токтот» аттуу мыйзам долбоору да ушуга окшогон бир кадам. Венгриядагы иштерибиздин жана досторубуздун коопсуздугун гарантияга ала албайбыз»,- деген сөздөрүнө орун берилди.

Венгер өкмөтүнүн акыркы эки жылда  фонд жана өнөктөштөрүн каралоо үчүн 100 миллион евродон ашуун акча жумашагандыгы ортого салынган маалыматта Ачык коом фондунун Венгрияда жарандык коом мекемелерин, өнөр, маданият, басма сөз эркиндиги жана тактыкты колдоону улантары билдирилди.



Тектеш кабарлар