Индонезияда кол салуу болду

Кол салууда бир коопсуздук кызматкери каза тапты.

972103
Индонезияда кол салуу болду

Индонезиянын Суматра аралындагы бир полициялык борборду бутага алган кол салууда бир коопсуздук кызматкери каза болду. 

Улуттук коопсуздук катчысы Сетйо Васисто төрт кишинин узун бычактар менен Пеканбару шаарындагы Риау полиция борборуна кол салгандыгын билдирди. 

Кол салуучулардын полиция борборунун кире беришинде унаалары менен сүзгөн коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун белгилеген Васисто эки кишинин да жаралангандыгын айтты. Полициянын кийлигишүүсү менен төрт кол салуучунун өлтүрүлгөндүгүн айткан Васисто унааны айдаган кол салуучунун да кармалгандыгын билдирди. 

 

 



Тектеш кабарлар