Евразия экономика биримдиги өлкөлөрү Орусиянын Сочи шаарында чогулушту

Орусиянын президенти В. Путин : «Башка өлкөлөрдүн да биримдикке кошулуу кайрылууларын карап чыгууга даярбыз»,- деди.

971306
Евразия экономика биримдиги өлкөлөрү Орусиянын Сочи шаарында чогулушту

 

Орусиянын президенти В. Путин Евразия экономикалык жогорку кеңешинин жыйынында берген маалыматында Евразия Экономикалык Биримдигинин негизинде акыркы абалдар тууралуу баа берди.

Путин Молдовага Евразия Экономика Биримдигинде байкоочу статусунун берлиши үчүн мүчө өлкөлөрдүн арасында бирдей пикирге барышкандарын белгилеп : «Башка өлкөлөрдүн да биримдикке кошулуу кайрылууларын карап чыгууга даярбыз»,- деди.

Европа Экономикалык Биримдиги үчүн  алдыңкылыктын биримдиктин ичиндеги бөгөттөрдүн жоюлушу жана санариптик технологиялардын өнүктүрүлүшү экендигин баса белгилеген Путин : «Улуттук деңгээлдеги экономикалык түзөтүүлөрдү дагы шайкеш абалга алып келүү менен биримдиктин ичиндеги базарыбыздын таасирдүүлүгүн арттыруу керек. Товарлардын, капиталдын жана жумуш күчүнүн эркин болушунун жолун ачуу үчүн артта калган бөгөттөрдүн жоюлушу алдыңкылыктарыбыз»,- деди.

Орусиянын интернет соодасын, продукцияларын иликтөө, өткөрүү коридорлорунун курулушун жана өнөр жайда кызматташтыкты камтыган технология тармагында жаңы проектилерди даярдагандыгын айткан Путин : «Евразия Экономика Биримдигинин негизинде өзгөчө ядролук энергия, экология, дары – дармек жана космостук тармактарда кызматташтыктын өнүктүрүлүшү үчүн маанилүү бир потенциал бар. Глобалдык экономикага жана технологиялык өнүгүүлөргө шайкеш келүүбүз үчүн жаңы проектилерди бирдикте турмушка ашырышыбыз керек»,- деди.

Бир тараптан Путин саммитке катышкан Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Белорустун президенти Александр  Лукашенко менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Назарбаев менен өткөргөн жолугушууда Орусия менен Казакстандын ортосунда күч алган кызматташтыкты белгилеген Путин : «Өткөн жылы эки тараптуу соодабыз 30, 5 пайызга өстү. Орусия Казакстандын лидер соода өнөктөшү болууну улантууда»,- деди. Путин өзгөчө премьер  - министр болуп шайлануусунан улам Пашинянды куттуктап, Орусиянын Арменияны «аймактагы негизги өнөктөшү жана союздашы катары көргөндүгүн айтты.



Тектеш кабарлар