БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнөн Антонио Гутеррешке кат

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнөн ону Израиль басып алган Палестина жерлеринде мыйзам тышы жолдор менен отурукташуу жерлерин курууну токтотуусун талап кылган чечимдин артында турушун суранды.

971254
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнөн Антонио Гутеррешке кат

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнөн ону башкы катчы Антонио Гутеррешке кат жиберип, кеңештин Израиль басып алган Палестина жерлеринде мыйзам тышы жолдор менен отурукташуу жерлерин курууну токтотуусун талап кылган чечимдин артында турушун суранды.

Кытай, Франция, Боливия, Кот-д'Ивуар, Экватор гвинеясы, Казакстан, Кувейт, Нидерландия, Перу жана Швеция, АКШнын элчилигинин Кудска көчүрүлүшү жана Израиль армиясынын  Газа чек арасындагы митингдерге кийлигишүүсүндө 59 кишинин каза болушунан кийин БУУнун башкы катчысы Гутеррешке кат жиберди.

АКШнын арсар болушу менен 2016 -  жылы кабыл алынган Израиль басып алган Палестина жерлеринде мыйзам тышы отурукташуу жерлерин акырына чыгарууну талап кылган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечиминин аткарылбашынан терең санааркап жаткандары белгиленген катта : «Коопсуздук Кеңеши чечимдеринин артында турушу керек жана бул чечимдердин маанилүү экендигин билиши керек, болбосо эл аралык системанын ишенимдүүлүгүн коркунучка салабыз»,- деп билдирилди.

Кеңештин 10 мүчөсү катта өзгөчө Гутеррештен бул чечимдин ишке ашырылбагандыгына байалынштуу ар бир үч айда БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуштаган отчетторду жазуу түрүндө тапшыруну талап кылды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Изриалге калкан болгон вето жоопкерчилигине ээ АКШнын 2016 -  жылы 23 -  декабрда Коопсуздук Кеңешинде арсар болушу менен Израиль басып алган Палестина жерлеринде мыйзам тышы бардык отурукташуу иштерин «дароо жана толугу менен» токтотушун талап кылган чечим кабыл алынган.



Тектеш кабарлар