АКШдан чыңалууну күчөтө турчу билдирүү
АКШ Тель-Авивди колдоду.

АКШ, Израилдеги элчилигин Кудска көчүргөндөн кийин башталган жана 59 палестин шейит болгон окуяларга байланыштуу чыңалууну күчөтө турчу билдирүү айтты.
Израилдин күч колдонуусуна дүйнө жүзү катуу каршылык көрсөтсө, Ак үйдүн билдирүүсүндө айыптоонун ордуна Тель-Авив башкаруучулугуна колдоо көрсөтүлдү.
Ак үй: «Газада уланган баш аламандыкка байкоо салып жатабыз. Ал жерде болуп жаткан трагедиялуу окуялардан Хамас жооптуу. Аймактагы чыңалууну атайылап жана жоопкерчиликсиз түрдө Хамас провокациялап жатат»,-делди.
Чыңалууну күчөтө турчу бул билдирүүдө айрыкча: «Хамастын элди опурталдуу абалга түрткөн, күч колдонууга чакырган бузгунчулугу үчүн кандайдыр бир себеп жок. Израиль өзүн коргоого укуктуу»,-деген сөздөр орун алды.
Тектеш кабарлар

Сомалиландда өрт чыкты
Сомалиланддын борбор шаары Харгейсада окуу жайда өрт чыгып 49 адам жаракат алды.