Сомалиде мина жарылды
10 аскер каза болуп, 2 аскер оор жараланды.
Сомалинин Төмөнкү Шабалле аймагында аскердик унаа өтүп бара жаткан учурда минанын жарылышы менен 10 аскер каза болуп, 2 аскер оор жараланды.
Төмөнкү Шабалле аймагында кызмат кылган полиция жетекчиси Хасан Хүсейин Сомали армиясынын аскерлерин ташыган бир унаанын Ванлавейн кыштагынан өтүп бара жатканда жол жээгине жайгаштырылган минанын жарылгандыгын айтты. Жарылуудан кийин коопсуздук күчтөрүнүн аймакка баргандыгын белгилеп шектүү бир кишинин камоого алынгандыгын билдирди.
Кол салууну азырынча моюнга алган болбостон, окуя тууралуу террордук уюм Еш – Шебабдан шектенилип жаткандыгы белгиленүүдө.
Тектеш кабарлар
Индияда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.
Макрон-Зеленский жолугушуусу
Макрон: "Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү" деди.