Медведев экинчи жолу премьер-министр болду

Медведев үчүн Думада өткөрүлгөн добуш берүүгө 430 эл өкүлү катышты.

967029
Медведев экинчи жолу премьер-министр болду

Орусиянын президенти Владимир Путиндин талапкери Дмитрий Медведев экинчи жолу премьер-министрликке шайланды.

Орусия Параламентинин төмөнкү палатасы Дума Медведевдин кызматын бекитти.

Медведев үчүн Думада өткөрүлгөн добуш берүүгө 430 эл өкүлү катышты.

374 эл өкүлүнүн колдоосун алган Медведевге 56 эл өкүлү каршы добушун берди.

Путиндин Бирдиктүү Орусия партиясы жана Орусиянын либералдык-демократия партиясы колдогон Медведевге Чыгыш Орусия партиясы менен Орусия коммунисттик партиясы каршы чыгышты.

Премьер-министрлик кызматы бекитилген Медведев бир жуманын ичинде министрлерди белгилеп Путиндин бекитүүсүнө сунушташы керек.

Владимир Путин дагы алты жылга Орусиянын президенти катары мурдагы күнү ант берип кызматын баштаган болчу.

Ант берүү аземинен кийин өкмөт кызматтан кетип Путин премьер-министрликке талапкер катары дагы бир жолу Медведевди сунуштаган эле.

Медведев 2003-жылы Путин мезгилинде мамлекеттик башчылык башкаруусу боюнча иштей баштады.

2005-жылдан тарта вице-премьер катары кызмат кылган Медведев 2008-жылы Орусиянын президенти болуп шайланды.

Ушул эле жылы президенттик мөөнөтү аяктаган Путин болсо премьер-министр болду.

2012-жылы Путин кайрадан президент болуп шайлангандан кийин Медведев премьер-министр болду.

 



Тектеш кабарлар