Европа Парламенти косметиканын жаныбарларда эксперимент жасалышына тыюу салууга чакырды
Европада сатылган көптөгөн косметиканын башка өлкөлөрдө жаныбарларга эксперимент жасалгандан кийин европалык колдонуучуларга сунушталууда.
Европа Парламенти косметиканын жаныбарларда эксперимент жасалышына дүйнөлүк масштабда тыюу салууга чакырды.
Европа Парламенти кабыл алган чечим долбоорунда өлкөлөрдүн 80 пайызынын косметикалык продукциялардын жаныбарларга эксперимент жасалышына уруксат бергендигине көңүлдөрдү бурду.
Чечимде Европа Биримдигинде 2013 - жылдан бери жаныбарларга эксперимент жасалган косметикалардын сатылышына тыюу салынгандыгы бирок мунун жалпы дүйнөдөгү жогорулоону азайта албагандыгы баса белгиленди.
Бул эксперименттерге тыюу салынышын талап кылган Европа Парламентинин мүчөлөрү бул тууралуу БУУнун негизинде эл аралык жыйындын өткөрүлүшүнө чакыруу салды.
Европа Биримдигинде косметика сектору 2 миллион кишиге жумуш мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Европада сатылган көптөгөн косметиканын башка өлкөлөрдө жаныбарларга эксперимент жасалгандан кийин европалык колдонуучуларга сунушталууда.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.