Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кайсы жерде жолугушкусу келет?

Трамптын жаңы билдирүүсү.

961492
Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кайсы жерде жолугушкусу келет?

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Тынчтык үйүндө жолугушууну каалап жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп, бир же эки айдын ичинде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен өткөрүлүшү пландалган жыйындын ыктымалдуу жерине байланыштуу жаңы билдирүү жөнөттү.

Трамп бул ирет дарек катары, 27-апрелде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын лидери Мун Чжэ Индин ортосундагы тарыхый жыйынга күбө болгон аскерлерден тазалаган айыл Панмунжомдун Түштүк Кореяга таандык бөлүгүндөгү Тынчтык үйүн көрсөттү.

АКШнын президенти Твиттер баракчасынан бул билдирүүнү бөлүштү: «Жолугушуу үчүн бир канча өлкө каралууда, бирок үчүнчү тарап боло турган бир өлкөнүн ордуна Түндүк-Түштүк Корея чек арасындагы Тынчтык үйү/Эркиндик үйү дагы да өкүлдүк кылуучу, маанилүү жана туруктуу жай болбойбу? Бир гана сурап жатам?».



Тектеш кабарлар