БУУнун делегациясы аракандык мусулмандарды көргөнү Бангладешке барды

Бангладеш менен Мьянма аракандыктардын өлкөлөрүнө кайтышы үчүн өткөн айларда келишим түзүшкөн.

961435
БУУнун делегациясы аракандык мусулмандарды көргөнү Бангладешке барды

Мьянмадагы геноцидге жеткен этникалык тазалоодон качкан аракандык мусулмандардын саны 800 миңден ашты.

Бангладеш менен Мьянма аракандыктардын өлкөлөрүнө кайтышы үчүн өткөн айларда келишим түзүшкөн.

Бирок туш болгон кыргындарды, зордуктоо жана кыйноолорду, өрттөлгөн айылдарын унутпаган аракандыктар кайтууга батына албай жатышат.

БУУнун коопсуздук кеңешинин элчилери да, Мьянмада болгондорду ордунда көрүш үчүн Бангадештеги лагерлерге барды.

Аракандык мусулмандар, жооптуу кызматкерлерди «коопсуз үйгө, коопсуз кайтуу» жазуусу бар плакаттар менен тосуп алышты.

Аракандыктар БУУдан Арканга коопсуздук күчтөрүн жөнөтүүсүн, үйлөрүнө кайтууда коопсуздуктарынын камсыздалышын талап кылышты.

БУУнун делегациясы Бангладеште премьер-министр Шейх Хасина менен жолуккандан кийин Мьянманын Аракан повинциясына өтөт.

Делегациянын мүчөлөрү аракандыктардын үйлөрүнө кайтууларын кантип ылдамдата ала тургандарын белгилөөгө аракет кылышат.

Ал эми адистер, Мьянманын аракандыктарды артка кайтарып алуу ниеттери болбогонун, муну өрттөлгөн айылдарга буддисттерди жайгаштырып көрсөткөндөрүн билдиришти.



Тектеш кабарлар