Европа Парламентинде шайлоо
Европа Парламентинин Жалпы Кеңеши сунушту кабыл алды.
Европа Парламентинин шайлоолорунун 2019-жылдын 23-26-май күндөрүнүн аралыгында өткөрүлүшү жөнүндөгү сунуш кабыл алынды.
Франциянын Страсбург шаарында чогулган Европа Парламентинин Жалпы Кеңеши, Европа Биримдиги Кеңешинин шайлоолорунун 2019-жылдын 23-26-май күндөрүнүн аралыгында өткөрүлүшүнө байланыштуу сунушту кабыл алды.
Сунуш 14 каршы, 492 макул жана 24 калыс добушу менен кабыл алынды.
Ушул учурга чейин 9 жолу өткөрүлгөн Европа Парламентинин шайлоолорунун биринчиси 1979-жылы болгон болчу.
5 жылда бир өткөрүлгөн шайлоолордун нормалдуу шарттарда 6-9-июнь күндөрүнүн аралыгында өткөрүлүшү керек болчу бирок мүчө мамлекеттердин бул күндөрдү кабыл албашынан улам Кеңеш башка күндү белгилөөгө аракет кылып жаткан эле.
Акыркы шайлоолор 2014-жылдын 22-25-май күндөрүнүн аралыгында өткөрүлгөн.