БУУнун башкы катчысы Гутерреш Сауд Аравияда

Сауд Аравиянын королу Селман бин Абдүлазиз Ал Сууд Антонио Гутеррешти кабыл алды.

953478
БУУнун башкы катчысы Гутерреш Сауд Аравияда

Сауд Аравиянын расмий маалымат агенттиги SPAнын кабарына ылайык Король Селман БУУнун башкы катчысы Гутерреш менен борбор шаар Рияддагы Йемаме сарайында жолугушту. Жолугушууда БУУна караштуу түрдүү уюмдардын эл аралык ишеним жана ырааттуулуктун түзүлүшүн максат кылган аракеттерди карап чыгышты.

Баш катчы Гутерреш Йемен жана дүйнөнүн башка аймактарындагы гуманитардык жардамдар тууралуу кошкон салымынан улам Селманга рахмат айтты.

Жолугушууга Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Адил ел Жубейр, ички иштер министри Мусаид бин Мухаммед ел Айбан жана Сауд Аравиянын БУУнун туруктуу өкүлү Абдуллах ел Муаллим да катышты.



Тектеш кабарлар