Жаран калктын корголушу үчүн БУУнун коопсуздук кеңешинин (БУУКК) биргелешип иш алып барышы керек

Эммануэль Макрон, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Англиянын премьер-министри Тереза Мэй менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

951733
Жаран калктын корголушу үчүн БУУнун коопсуздук кеңешинин (БУУКК) биргелешип иш алып барышы керек

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Англиянын премьер-министри Тереза Мэй менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Франциянын Президенттик сарайы Элисейдин маалыматына караганда Макрондун АКШнын президенти Трамп жана Англиянын премьер-министри Мэй менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө, Макрондун Сирияда режимдин химиялык курал чыгаруучу ишканасына багытталган максатына жеткен операциядагы ийгилиги жана француз, америка жана англис күчтөрүнүн ортосундагы жогорку кызматташтыкка ыраазы болгонун билдиргени маалымдалды.

Сириянын акырында тынчтыкка жетиши жана жаран калктын корголушу үчүн БУУнун коопсуздук кеңешинин (БУУКК) биргелешип иш алып барышы керектиги баса белгиленген жарыяда, «БУУКК, Сирияда саясий, химиялык жана гуманитардык жардам темаларында демилгелерди колго алышы керек»,деген сөздөрүнө орун берилди.

Бир тараптан Франциянын башкы штаб төрагасы Франсуа Лекунтре менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн Франциянын коргоо министри Флоренс Парли, Сирияга жүргүзүлгөн аскердик операциянын максатына жеткенин, режимдин химиялык курал өндүрүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү азайтылганын белгилеп, мындан ары дипломатиялык жана гуманитардык жардам иш-аракеттерин кылуунун убагы келгенин айтты.

АКШ, Англия жана Франциянын Сирия режимине карай кечээ түнү болгон кол салуусунда борбор калаа Дамаскка жакын жердеги Химиялык курал изилдөө борбору, Хомстун батыш жагында орун алган химиялык курал кампасы менен химиялык куралдарга байланыштуу башкаруучу борборунун атылганы билдирилген.



Тектеш кабарлар