Египетте өзгөчө кырдаал дагы 3 айга узартылды
Египетин президенти Абдулфеттах ес - Сиси өлкөдө өзгөчө кырдаалды төртүнчү жолу 3 айга узартты.
951223
Египетин президенти Абдулфеттах ес - Сиси өлкөдө өзгөчө кырдаалды төртүнчү жолу 3 айга узартты. Расмий гезитте жарыяланган президенттик жарлыкта : «Өлкөдөгү олуттуу коопсуздук абалга көңүл буруу менен 14 - апрель күнү саат 01:00дөн баштап жалпы өлкөдө 3 айлык убакыт менен өзгөчө кырдаал чечими чыгарылды»,- деп билдирилди.
Маалыматта өлкөдө 9 айдан бери болуп келе жаткан өзгөчө кырдаалдын узартылышы катары кабыл алынган бул чечимдин ишке кириши үчүн парламентте бекитилгендиги белгиленди.