АКШда акыркы чечим чыккан жок

АКШда Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс Сирия тууралуу «акыркы бир чечимдин чыкпагандыгын» билдирди.

950691
АКШда акыркы чечим чыккан жок

 АКШда Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс президент Дональд Трамптын жетекчилигинде Сирия күн тартиби менен чогулган Улуттук коопсуздук кеңешинде Сирия тууралуу «акыркы бир чечимдин чыкпагандыгын» билдирди.

Жыйындан кийин жазуу түрүндө маалымат берген Сандерс Трамп менен Улуттук Коопсуздук Кеңешинин тобунун Сирия тууралуу маселелерди сүйлөшүү үчүн жолугушкандыгын билдирди. Сандерс маалыматында : «Президент улуттук коопсуздук тобу менен Сириядагы акыркы абалды карап чыгуу үчүн өткөргөн жыйынды жаңы эле бүтүрдү. Акыркы чечим чыккан жок. Чалгындоо отчетун карап чыгууну улантуудабыз.  Союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшүүлөрдү улантабыз»,- деди.

АКШнын президенти Трамп Сирияда Башар Асад режиминин химиялык курал колдонуусуна кандай жооп беришери тууралуу берген акыркы маалыматында : «Бүгүн Сирия тууралуу кээ бир жыйындарыбыз болот. Эмнелердин болорун көрөбүз. Абалды абдан жакындан иликтеп жатабыз»,- деген.



Тектеш кабарлар