Трамп АКШнын Сириядан чыга турганы жөнүндөгү сөздөрүнө баш ийет деп ойлойбуз

Москвада Бангладештин тышкы иштер министри Абдүл Хасан Махмуд Али менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн Лавров, Трамптын АКШнын Сириядан чыга турганы жөнүндөгү жарыясына баа берди.

943276
Трамп АКШнын Сириядан чыга турганы жөнүндөгү сөздөрүнө баш ийет деп ойлойбуз

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров,АКШнын президенти Дональд Трамптын Вашингтондун Сириядан чыга турганы жөнүндөгү сөздөрүнө азырынча баш ийгенин ойлогондорун билдирди.

Москвада Бангладештин тышкы иштер министри Абдүл Хасан Махмуд Али менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн Лавров, Трамптын АКШнын Сириядан чыга турганы жөнүндөгү жарыясына баа берди.

АКШнын Сириядагы жалгыз максатынын террор менен күрөшүү экени жөнүндө ишеним бергенин эске салган Лавров, буга карабастан акыркы айларда АКШнын Евфраттын чыгышына жайгаша турганын байкагандарын белгиледи.

Лавров, Трамптын АКШнын Сириядан чыга турганына карай сөздөрүнө баш ийе турганын ойлогонун баса белгилеп, «Ал (Трамп) ДЕАШка каршы ийгиликке жетишкенден кийин АКШнын Сириядан чыга турганы тууралуу мурда айткан сөздөрүнө азырынча баш ийүүдө. Бул жерде эң маанилүүсү бул, АКШ бардык мүчө мамлекеттердин эгемендиги жана бүтүндүгүн урматтоону камтыган БУУнун келишимин бузуп, өз бөлүктөрүн, атайын күчтөрүн, аба күчтөрүн (Сирияга) жөнөтүп коалицияны чогултту»,-деп айтты.

АКШнын президенти Трамп, Охио штатында бейшемби күнү болгон митингде, «Сириядан абдан жакында чыгып кетебиз. (Аймактагы) Калган адамдар эми аны менен алектенсин. «Халифаттык» деп аталган нерсени жүз пайыз бүтүрөбүз. (ДЕАШтын колунан) Бардыгын кайра алабыз»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар