Дональд Трамп Египеттин президентин куттуктады

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэрт Египет  шайлоолоруна байланыштуу маалыматында эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын улантыларын белгиледи.

943445
Дональд Трамп Египеттин президентин куттуктады

АКШнын президенти Дональд Трамп кайрадан Египеттин президенти болуп шайланган Абдулфеттах ес  - Сисиге телефон чалып куттуктады. Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Трамптын Сиси менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү белгиленди. Маалыматта : «Президент Трамп кайрадан президент болуп шайланган Сисини куттуктады. Эки лидер АКШ менен Египеттин ортосундагы  стратегиялык өнөктөштүктү кайрадан баса белгилеп, орток маселелер менен беттешүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү күтүп жатышкандарын билдиришти»,- деп белгиленди.

Бир тараптан АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэрт Египет  шайлоолоруна байланыштуу берген жазуу түрүндөгү маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын улантыларын белгиледи. Маалыматта : «АКШ, Египет менен болгон өнөктөштүккө маани берет жана бул өлкө менен орток максаттар тууралуу ишибиз улантылат. Шайлоо тууралуу ой эркиндигиндеги токсоолдуктарга байланыштуу отчетторду да алдык. Египеттиктер үчүн дагы көп саясий катышуунун болушун колдоону улантабыз жана адам укуктарынын сакталышынын Египет коому үчүн негизги нерсе экендигин баса белгилейбиз»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар