Афганстанда кол салуу болду

Кол салууда каза болгондордун саны 100гө жетти.

943457
Афганстанда кол салуу болду

Афганстан аба күчтөрүнүн кечээ өлкөнүн түндүгүндө Кундуз аймагында жасаган абадан кол салуусунда каза болгондордун саны 100гө жетти.

Дашти Арчи башкаруучусу Насруддин Сади аба күчтөрүнө таандык учактын райондогу медресени бомбалоосу менен араларында көп сандаган жаран да болгон 100 кишинин каза болгондугун билдирди. Кол салууда 50 кишинин да жаралангангандыгын белгилеген Сади каза болгондордун санынын артышынан тынчсызданып жаткандарын айтты. Сади кол салуунун медреседе хафызлыкты  бүтүргөндөр үчүн өткөрүлгөн бүтүрүү аземи учурунда жасалгандыгын айтты. Аземге Талибан уюмунун мүчөлөрүнүн да катышкандыгын белгилеген Сади каза болгондордун арасында уюмдун алдыңкы ысымдарынын да бар экендигин баса белгиледи.

Көргөн күбөлөрдөн Хажи Наби 500 киши катышкан бүтүрүү аземи учурунда жасалган кол салууда 50гө жакын жарандын каза болгондугун айтты. Кундуз коопсуздук директорлугунун катчысы Энамуддин Рахмани андан мурда берген маалыматында кол салуунун уюмдун лидерлеринин медреседе жыйын өткөрүп жатканда ишке ашкандыгын,  жана 25 Талибан мүчөсүнүн каза болгондугун белгилеген болчу.

 

 



Тектеш кабарлар