Кытайдын космостук станциясы Түркияга түшпөй калды

Кытайдын көзөмөлдөн чыккан Көк Сарай-1 космостук станциясы атмосферага кирди.

942350
Кытайдын космостук станциясы Түркияга түшпөй калды

Кытайдын көзөмөлдөн чыккан Көк Сарай-1 космостук станциясы атмосферага кирди.

Космостук станциянын көп бөлүкчөсү өрттөнүп майдаланганы жарыяланды.

Кытайдын адамдуу космос инженердиги кеңсесинин жарыясына караганда Көк Сарай-1дин жердин атмосферасына жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:15те кирди, түшүү багытынын болсо Түштүк Тынч океандын ортосу экени белгиленди.

Узундугу 10,4 метр, салмагы 8,5 тонналык Көк Сарай-1дин атмосферага киргенде көпчүлүк бөлүгү өрттөнүп майдаланганы маалымдалды.

Кытайдын 2011-жылы 29-сентябрда жердин орбитасына учурган станциясы 2016-жылы милдетин аяктаган. Көк Сарай-1, Кытайдын ар түрдүү космостук изилдөөлөрүнө кошулуп космостук эмгектерге салымын кошкон.

Кытайлык жооптуу кызматкерлер жума күнү берген маалыматында болсо космостук станциянын эч бир бөлүкчөсүнүн жерге түшүүсүн күтпөгөндөрүн айткан.

Көзөмөлдөн чыккан Көк Сарай-1дин Түркияга түшүү ыктымалдуулугуна да токтолушкан.

 



Тектеш кабарлар