Египетте Абдүлфеттах ел Сиси президент болуп шайланды

Абдүлфеттах ел Сисинин 23 миллион добуш алгандыгы билдирилди.

940388
Египетте Абдүлфеттах ел Сиси президент болуп шайланды

Египетте расмий медиа президенттик шайлоонун алдыңкы жыйынтыктарына караганда азыркы президент Абдүлфеттах ел Сисинин 23 миллион добуш алып бир гана атаандашына каршы жеңишке жетишкендигин жарыялады.

Расмий медиа Сисинин добуштардын 90 пайызынан көбүн алгандыгын билдирди. Египетте 3 күнгө созулган президенттик шайлоодо олуттуу бир атаандашы болбогон Сисинин 4 жылдык 2 -  мезгил үчүн президент болуп шайланары айтылып жаткан.

«Ел Ахрам» гезитинин берген жыйынтыктарына караганда добуштардын 92 пайызын алган Сисиге 23 миллион киши добуш берди.

Мамлекетке таандык «Ел Екбер ел Йоум» гезити болсо Сисинин бир гана атаандашы Гад партиясынын лидери Муса Мустафа Мусанын 721.000 добуш алгандыгын жазды.

Египетте 60 миллион катталган шайлоочу бар.

Расмий медиа шайлоого катышуу катнашынын 50 пайыздын астында калгандыгын да жарыялады. Так жыйынтыктардын дүйшөмбү күнү белгилүү болору күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар