Трамп Сириядан жакында чыгып кете тургандарын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамптын Сирия тууралуу билдирүүсү...

940535
Трамп Сириядан жакында чыгып кете тургандарын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамптын Сирия тууралуу билдирүүсү...

Трамп, бир митинг убагында сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүнүн «абдан жакынкы убакта» Сириядан чыга турганын айтты.

АКШнын лидери буга себеп катары Сирияда болууларынын башкы себеби болгон террор уюму ДЕАШтын чоң өлчөмдө таасири азайтылганын көрсөттү.

Дональд Трамп, Сирияда 7-жылын артка калтырган жарандык согуш үчүн болсо «Таштайлы калгандары алектенсин»,- деп айтты.

Дональд Трамп, 2016-жылдагы шайлоодон мурда жүргүзгөн шайлоо өнөктүгү убагында АКШнын бекер эле акчасын агызган Жакынкы Чыгыштан чыгышы керектигин жактаган.

Пентагондун көрсөткүчтөрүнө караганда Сирияда 2 миң чамалуу америкалык аскер бар.

Бир тараптан АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Хизер Науерттин, «Сириядан чыгып кетүү саясатынан кабарым жок» деген сөздөрү Американын ички саясатында жаңы кризистин белгиси катары сереп салынууда.

Пентагондун Сирия кризисинде чийген жол картасынын да Президенттин акыркы билдирүүсү менен шайкеш келбегени көңүл бурууда.


Этикеткалар: #Трамп

Тектеш кабарлар