Орусиялык тыңчы үйүндө ууланганбы?

Орусия, окуяга байланыштуу батыштык өлкөлөрдүн орус дипломаттарды өлкөсүнөн чыгаруу чечимине жооп кайтарууга даярданууда.

940456
Орусиялык тыңчы үйүндө ууланганбы?

Англияда ууланган мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын нерв газына алгач үйүндө дуушар болгондору божомолдонууда.

Скрипаль жана кызы 4-мартта Солисберидеги бир банкта акыл эсин жоготкон абалда табылды.

Нерв газы менен ууланууга байланыштуу териштирүү уланып жатканда, полиция Скрипаль жана кызынын нерв газына алгач үйүндө дуушар болгондоруy божомолдоду.

Газ эң көп белгиленген жердин Скрипалдын үйүнүн каалгасы болгонун жарыялады.

Полиция үйгө жакын жердеги дүкөндөрдөн да нерв газынын издерин издөөдө.

Солисбери шаарындагы соода борборунун алдында акыл эсин жоготкон абалда табылган Сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын абалы оор бойдон турат.

Бул учурда Орусия, окуяга байланыштуу батыштык өлкөлөрдүн орус дипломаттарды өлкөсүнөн чыгаруу чечимине жооп кайтарууга даярданууда.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Англиянын Скрипалдын ууланышы темасында далилдерди сунуштамайынча, Москванын бул абалды орус атуулдарына кылмыш киришүүсү катары кабыл ала турганын жарыялады.

Анда окуя тууралуу Англиянын чалгындоо кызматы да шилтеме кылынды.

Сергей Скрипаль жана кызынын ууланышы боюнча Орусияны жоопту көргөн Англия, 23 орус дипломатты өлкөсүнөн чыгарган.

Орусия дагы Англиянын бул мамилесине ошондой эле жооп берди.



Тектеш кабарлар