БУУнун миссиясынын кызмат мөөнөтү узартылды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши кечээки жыйынында буга байланыштуу чечимин чыгарды.

939225
БУУнун миссиясынын кызмат мөөнөтү узартылды

Конго Демократиялык Республикасындагы БУУнун Турукташтыруу миссиясынын кызмат мөөнөтү дагы бир жылга узартылды.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши кечээки жыйынында буга байланыштуу чечимин чыгарды.

Франциянын БУУдагы элчиси Франсуа Делаттре бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, Конгодо быйыл өтө турган президенттик шайлоо үчүн жетиштүү даярдык көрүлбөгөнүн, жарандардын коопсуздугу жана өлкөнүн ырааттуулугунун маанилүү экенин айтты.

Өлкөдө 1999-жылдан бери кызматын улантып келе жаткан БУУнун миссиясына өткөн жылы болгон кол салууда 15 тынчтык күчү аскери өлтүрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар