Солсберидеги провакациянын артында АКШ менен Британиядагы чоң күчтөр бар
Сергей Скрипал менен кызы ууланган Солсберидеги провакациянын артында АКШ менен Британиядагы чоң күчтөр бар
Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова англис чалгындоосуна маалымат саткан эски орус агенти Сергей Скрипал менен кызы ууланган Солсберидеги провакациянын артында АКШ менен Британиядагы чоң күчтөрдүн бар экендигин белгиледи.
Россия 1 телекөрсөтүүсүндөгү 60 минута программасына конок болгон Захарова Британиядан кийин АКШ, Канада жана кээ бир Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн да оурс дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечими тууралуу буларды айтты : «Бул өлкөдөн чыгарылган дипломаттар тууралуу сандар болбогондо Лондон аткарган бул конкунучтуу кыймылдын булагын жана бардык бул абалдардын кимдин ишине жарагандыгына кызыкмакпыз. Бирок бүгүндөн баштап бул сандар жарыялангандан кийин Британияда жүргүзүлгөн провакациянын аркасында АКШ менен Британиядагы чоң күчтөрдүн тургандыгында шек жок».
Захарова себептин Орусияга маалымат, пропаганда, саясат жана башка тармактарда «абсалюттук кол салууну» улантуу экендигин белгиледи. Бүгүн болуп жаткандарга Орусиянын жооп береришинин ачык экендигин белгилеген Захарова : «Дипломаттарыбызды өлкөдөн чыгарган ар бир өлкөгө өзүнчө жооп берилет»,- деди.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.