Юнкер: «Түркиянын Европа Биримдигинин чыныгы өнөктөшү болушун каалайбыз»

Юнкер, Болгариянын Варна шаарындагы Түркия-Европа Биримдиги саммитинен кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

938218
Юнкер: «Түркиянын Европа Биримдигинин чыныгы өнөктөшү болушун каалайбыз»

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн улантыла турганынын кепилинин өзү экенин айтты.

Юнкер, Болгариянын Варна шаарындагы Түркия-Европа Биримдиги саммитинен кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Түркия-ЕБ карым-катнаштарына токтолгон Юнкер: «Бизди бириктирген жагдайларга токтолушубуз керек.Чындыгында орток кызыкчылыктарыбыз жана орток кыйынчылыктарыбыз бар. Буларга биргелешип чечүүчү жол табышыбыз керек. Коопсуздук маселелери тууралуу геостратегиялык кызыкчылыктарыбыз бар. Учурда тескерисин айткандар болсо дагы сүйлөшүүлөр уланат. Сүйлөшүүлөрдүн улантыла турганынын кепилимин»,-деди.

Түркиянын Европа Биримдигинин чыныгы өнөктөшү болушун каалагандарын айткан Юнкер: «Стратегиялык өнөктөштүктө бизди жолугуштургандардын тегерегинде чогулуп жана бизди бөлгөн темаларга чечүүчү жол табуу үчүн чын дилден жана ачык кызматташуу менен диалогду улантуубуз керек»,-деди.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск да Түркиянын баш калкалоочулар темасындагы аракеттери мактоого арзырлык экенин сөз кылды. Туск, Түркия жана мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы карым-катнаштардын, Түркиянын мүчөлүк процессинин маанилүү бир жагын түзүп турганын айтты.

ЕБнин кезектеги жетекчиси Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов болсо, «Июндун акырына дейре жетишкен ийгиликтерибизге жараша кайра чогулабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар