Трапмтын Путинге байланыштуу билдирүүсү

Трамп, Твиттер баракчасынан сындоолорго жооп берди.

935057
Трапмтын Путинге байланыштуу билдирүүсү

АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалып шайлоодогу жеңишинен улам куттукташын: «Көптөгөн маселенин чечилүүсүнө жардамчы болушу мүмкүн»,-деп жактады.

Орусияда жекшемби күнкү шайлоону жеңип президент болуп шайланган Путинди куттуктаганы үчүн Американын коомдук пикиринде сынга алынган Трамп, Твиттер баракчасынан сындоолорго жооп берди.

Дональд Трамп билдирүүсүндө, АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын да Путинди куттуктаганын айтып: «Жалган маалымат медианы баш аламан кылды, анткени менден анын (Путиндин) терисин сыйрышымды каалап жатышкан. Жаңылып жатышат. Орусия жана беркилери менен жакшы мамиле куруу жакшы нерсе, жаман эмес. Алар (орустар) Түндүк Корея, Сирия, Укриана, ДЕАШ, Иран жана ал эмес жакындаган куралдануу жарышы темаларын чечүүдө жардамчы болушу мүмкүн»,-деп айтты.

Трамп мурунку президенттерден Жорж Буштун да Орусия менен жакшы мамиле курууга аракет кылганын, бирок акылдуу кеңешчилеринин болбогонун, Обама менен ал мезгилдеги мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун да муну сынап көргөндөрүн бирок жетиштүү энергия жана химияга ээ эмес экендиктерин жактады.

Трамп билдирүүсүнүн аягына болсо «Күч жолу менен тынчтык» деген сөздөрүн да кошумчалады.



Тектеш кабарлар