Путин 4-ирет Орусия Федерациясынын Президенттигине шайланды

Дээрлик толугу саналган добуштардын 76 пайызы учурдагы президент Владимир Путинге берилди.

932533
Путин 4-ирет Орусия Федерациясынын Президенттигине шайланды

Орусияда 109 миллион шайлоочу өлкөнүн мамлекет башчысын белгилеш үчүн шайлоого барышты.

Дээрлик толугу саналган добуштардын 76 пайызы учурдагы президент Владимир Путинге берилди. Путин шайланган учурунда 4-жолу Президенттик кызматын аркалаган болот.

Кызыл аянтта чогулган миңдеген кишиге көрсөткөн колдоолору үчүн ырахматын айткан Путин: «Биз чоң командабыз жана мен да бул команданын мүчөсүмүн. Өлкөбүздү ийгиликтер күтүп турат. Орусия үчүн маанилүү иштерди аткарабыз»,-деп айтты.

Жалпы 8 талапкер катышкан шайлоодо ачылган үкөк санына караганда Коммунисттик партиянын талапкери Павел Грудинин 13,3 пайыз, Орусиянын Либерал демократиялык партиясынын жетекчиси Владимир Жириновский 6,33 пайыз, Яблоко партиясынын лидери Григорий Явлинский 0,8 пайыз, Өнүгүү партиясынын лилдери Борис Титов 0,6 пайыз,  Орусиянын Элдик кеңеши партиясынын лидери Сергей Бабурин 0,6 пайыз, Орусия коммунисттери партиясынын лидери Максим Сурайкин 0,6 пайыз жана Жарандык демилге партиясынын талапкери Ксения Собчак болсо 1,4 пайыздык добушка ээ болду.

Шайлоо комиссиясынын жарыясында шайлоо системаларына 15 башка өлкөдөн миңдеген кибер чабуул болгону белгиленип, АКШ, Украина жана Жаңы Зеландия баш болгон ар кайсы өлкөлөрдө Орусиядагы шайлоолорго карай «провокациялык» акциялар уюштурулганы айтылды.

Бир тараптан өлкөнүн ар башка аймактарындагы добуш берүүчү жерлерде кызмат өтөгөн кызматкерлердин, үкөктөргө тобу менен бюллетен салгандарын көрсөткөн видеолор медиада орун алды.



Тектеш кабарлар