Кытайда мамлекеттин жогорку органдарынын төрагалары шайланды
Кытайда Ли Кэцян экинчи ирет премьер-министрликке шайланды.
Кытайда Ли Кэцян экинчи ирет премьер-министрликке шайланды.
Борбор калаа Пекиндеги чоң залда өткөн Кытай Улуттук элдик конгрессинде 13-мезгилдин 1-башкы ассамблеясынын жыйналыштарында Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян, мамлекет башчы Си Сциньпин тарабынан премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүлдү.
Ли, өлкөнүн эң жогорку мыйзам чыгаруу органы болгон Кытай Улуттук элдик конгрессинде болгон жана 2966 делагат катышкан добушка салууда 2964 добушка ээ болуп кайрадан өкмөт башчылыкка шайланды.
Андан соң Си Сциньпин, премьер-министр Ли Кацяндын дайындалышына карай Мамлекет башчылык жарлыгына кол койду.
Премьер-министрлик шайлоосунан кийин Парламентте Кытайдын борбордук аскердик комиссиянын төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү менен Кытайдын Жогорку элдик сотунун төрагасын шайлоо өткөрүлдү.
Шу Чжилян жана Кан Йошиа Кытайдын борбордук аскердик комиссиянын төрагасынын орун басарлары болуп шайланышты, Вей-Финги, Ли Цзуоцином, Мяо Хуа жана Цан Шинь Мин мүчөлөрү болуп шайланышты.
Учурдагы Кытайдын Жогорку элдик сотунун төрагасы Ку Чан кайрадан Жогорку элдик сотунун төрагасы болуп шайланды.