Орусия 2019-жылы Марска космостук кемелерин учурат

Орусиянын президенти Владимир Путин маалымат берди.

930685
Орусия 2019-жылы Марска космостук кемелерин учурат

Орусиянын президенти Владимир Путин, өлкөсүнүн Марска карай пилотсуз космостук кемесин 2019-жылы учурууну пландап жатканын айтты.

Орусиялык лидер Марс, Ай жана сырткы космос чалгындоо миссиясынын алкагында пилотлу жана пилотсуз космостук кемелерин учура тургандарын да билдирди.

Андрей Кондрашовдун «Путин» аттуу даректүү тасмасында сөз сүйлөгөн Орусиянын президенти, Жердин спутниги Айда суу табууга мүмкүн боло турган жерлерди изилдегиси келгендерин айтты.

Путин: «Эксперттерибиз уюлга жакын жерге конууга аракет кылышат. Анткени бул жерлерде суу издөө үчүн себептер бар. Ал жерде жүргүзүлүшү керек болгон изилдөөлөр бар. Андан соң берки планеталар жана сырткы космостук изилдөөлөр жүргүзүлсө болот»,-деди.

Орусия 2011-жылы «Zenit» ракетасы менен «Phobos-Grunt» космостук кемесин Марска жөнөтүүгө аракет кылган бирок ийгиликтүү боло алган эмес. Андан кийин Орусия Марс темасында башка иш-аракеттерди жасаган жок бирок берки өлкөлөр менен кызматташкан болчу.

Орусия 2019-жылы Айдын түштүк уюлуна сыноо иретинде конууну пландап жатат.



Тектеш кабарлар