АКШда кар борошосу

Нью-Жерси жана Пенсильвания штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

925580
АКШда кар борошосу

АКШнын түндүк-чыгыш штаттарында таасирдүү болгон кар борошосунун себебинен 3 миңден ашуун учак каттамы токтотулду.

Кар борошосу Нью-Йорк, Нью-Жерси, Массачусетс, Пенсильвания, Коннектикут штаттарында жашоого терс таасирин тийгизсе, айрым шаарларда мектертер эс алууга чыкты.

Нью-Жерси жана Пенсильвания штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Кар борошосунун айынан 3 миң 46 учак каттамы жоюлса, ички жана тышкы 9 миң 356 учак каттамы да кечигип ишке ашты.

Саатына ылдамдыгы 145 киломтерге жеткен шамалдын себебинен көп сандаган бак-дарак кулап, электр зымдары үзүлдү, жүз миңдеген үй жана ишкана жарыксыз жана суукта калды.



Тектеш кабарлар