Шри Ланкада мусулмандарга кол салуу болду

Шри Ланкада калктын 75 пайызын көпчүлүгү буддист болгон синхалар түзсө, мусулмандардын катнашы болсо 9 пайыз.

924079
Шри Ланкада мусулмандарга кол салуу болду

Шри Ланканын Канди аймагында мусулмандарды бутага алган кол салуудан кийин көчөгө чыгууга тыюу салынды.  Коопсуздук директорлугунун катчысы Ruwan Gunasekara куралдуу бир кишинин бир группа мусулман тарабынан кол салууга учуругандан кийин жаткырылган ооруканада каза болду деп билдирилиши менен Канди аймагында кээ бир козголоңчулардын мусулмандарга таандык үй жана иш жерлерин өрттөгөндүгүн белгиледи. Gunasekara дүйшөмбү күнү чыккан окуялардан кийин аймакта көчөгө чыгууга тыюу салуунун жарыялангандыгын билдирди.

Борбору Шри Ланка болгон Адам укуктары жана изилдөө борборунун башкаруучусу Keerthi Tennakoon да күч колдонуу окуяларында мусулмандарга таандык 11 дүкөн менен үйдүн өрттөнгөндүгүн айтты.

Өкмөт болсо окуялардын жайылышына тоскоол болуу үчүн полициянын аракетке өткөндүгүн белгилеп, жарандардан «сабырдуулук менен кыймыл кылууларын» суранды. Шри Ланкада калктын 75 пайызын көпчүлүгү буддист болгон синхалар түзсө, мусулмандардын катнашы болсо 9 пайыз.



Тектеш кабарлар