Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда чөктүрүлгөн кеменин калдыктары табылды

USS Lexingtonдун калдыктары 76 жылдан кийин Коралл деңизинен табылды.

924001
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда чөктүрүлгөн кеменин калдыктары табылды

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Япония тарабынан сууга чөктүрүлгөн АКШга таандык учак конуучу кеме  USS Lexingtonдун калдыктары 76 жылдан кийин Коралл деңизинен табылды.  

Австралия басма сөз мекемеси ABCде орун алган кабарга караганда 1942 -  жылы 8 -  майда Япония тарабынан торпедо менен сууга чөктүрүлгөн  ‘‘Lady Lex’’  аттуу учак конуучу кеменин калдыктары Квинсленд аймагынын жакындарында Коралл деңизинде табылды.

Жээктен 800 километр алыстыкта, деңиздин 3 миң метр тереңдигинде табылган кеменин калдыктарын Microsoftтун куруучуларынан америкалык миллиардер Паул Аллен тарабынан каржыланган топ тапты. Аллен ABCге берген маалыматында : «Тайманбастык менен өлкөбүзгө кызмат кылган баарына ыраазычылык билдирүүбүз керек».- деди. АКШ кеменин калдыктарынын сүрөттөрүн да жарыялады. USS Lexingtonдон  кутулган деңизчилерден лейтенант Гарри Бинкли Харристин уулу жана АКШнын Тынч океан деңиз флотунун командири, адмирал Гарри Харрис да кеменин калдыктарынын табылышына кубангандыгын билдирди. Харрис : «USS Lexingtonдон   тирүү кутулган бир деңизчинин уулу катары Паул Алленди жана Lady Lexтин ордун тапкан изилдөө кемеси Петрелдин изилдөөчү тобун куттуктайм»,- деди.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Япониянын Тынч океанда алдыга жылышын токтотуу үчүн АКШнын  учак конуучу кемеси USS Yorktown менен япон күчтөрүнө каршы согушка катышкан Lady Lexти 1942 -  жылы 8 -  майда торпеда менен атып, 216 кишилик экипаж жана 35 учак менен сууга чөккөн болчу.



Тектеш кабарлар