Буркина Фасодо каза болгондордун саны сегизге жетти

Мамлекет башчысы Рош Марк Кристиан Каборе социалдык медиа эсеби аркылуу кол салуу тууралу маалымат берди.

921956
Буркина Фасодо каза болгондордун саны сегизге жетти

Буркина Фасонун борбор шаары Вагадугудагы куралдуу кол салууда каза болгон аскер саны сегизге жетти. Мамлекет башчысы Рош Марк Кристиан Каборе социалдык медиа эсеби аркылуу кол салуу тууралу маалымат берди. Кол салууда башкы штабдын төрагалыгы менен Франция элчилигинин бутага алынгандыгын белгилеген Каборе : «Өлкөбүз караңгы күчтөр тарабынан кол салууга учурады. Кол салууда сегиз аскерибиз каза болду. Президенттик сыпатым менен тайманбас калкыбызга карата жасалган бул кол салууну айыптаймын»,- деди.

Каза болгон аскерлердин үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтылып, жаралуулардын болсо тез айыгып кетишин каалаган Каборе Буркина Фасонун хаос жана террорго каршы турууну улантарын баса белгиледи.Кол салууда ондогон киши да жараланды. 



Тектеш кабарлар