Кытайлык туристтер 115 миллиард доллар сарптады

Таиланд менен Япония эң көп тандалган өлкөлөрдүн арасында биринчи турат.

921625
Кытайлык туристтер 115 миллиард доллар сарптады

Кытайлык туристтер өткөн жылы чет өлкөгө саякаттарында 115 миллиард доллар сарптады.

Кытайдын алдыңкы саякат агенттиги Ctrip жана Кытай туризм академиясынын биргелеше жарыялаган отчетуна караганда, кытайлык туристтердин өткөн жылдагы саякаттарынын саны 130 миллион болду.

Туристтер бул саякаттарда 115 миллиард доллар сарпташты.

Мурдагы жылга салыштырмалуу 2017-жылдагы саякаттар 7 пайыз, сарптоолор да 5 пайыз өстү.

Кытайлык туристтер саякаттарда көбүнчө тобу менен турларды тандашты.

Отчетко караганда, Таиланд менен Япония эң көп тандалган өлкөлөрдүн арасында биринчи турат.



Тектеш кабарлар