АКШ Европа өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүн Орусияга каршы колдонууда

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров,Швейцариядагы БУУнун Женева кеңсесинде уланып жаткан Куралсыздануу конференциясында сөз сүйлөдү.

920840
АКШ Европа өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүн Орусияга каршы колдонууда

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Европа өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүн Орусияга каршы колдонуу максаты менен тактикалык ядролук куралдар темасында билим бергени менен АКШны күнөөлөдү.

Швейцариядагы БУУнун Женева кеңсесинде уланып жаткан Куралсыздануу конференциясында сөз сүйлөгөн Лавров, дүйнөдөгү баш аламандуу шарттардын астында өзгөчө глобалдык жана аймактык деңгээлде коопсуздуктун жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн систематикалык тобу менен аракеттенүүгө муктаждык болгонун айтты.

Лавров, АКШнын Европада орун алган стратегиялык болбогон ядролук куралдар менен «ядролук куралсызданууга» тоскоол болгонун белгилеп, «АКШнын армиясы Европа өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүн Орусияга каршы колдонуу аркылуу тактикалык куралдар темасында билим берилүүдө»,-деп айтты.

АКШнын 2-Дүйнөлүк согушта Японияга таштаган атом бомбасына шилтеме кылган Лавров: «Эми, Европанын жарандарын өз жерлеринде, аны колдонгон жалгыз мамлекет болгон эң күчтүү массалык кыргынга учуратуучу куралдарынын жайгаштырылуусуна каршы чыгууларын каалайбыз»,-деп айтты.

Лавров, атомдук куралсыздануунун ачык эле түрдө эл аралык күн тартиптин негизги беренесин түзүүсүн улантканын айтып, өлкөсүнүн стратегиялык кол салуу куралдарынын азайтылышына салым кошуп милдетин аткарганын белгиледи.

Куралсыздануу конференциясында АКШны өкүлдүк кылган элчи Роберт Вуд, Лавровдун күнөөлөрүнө каршы сөз алып, «Бул дүйнөдө жаңылыш болгон бардык нерсе үчүн АКШны күнөөлөгөн кадимки орус жарыяларынан бири. Калың кар жаашынын себебинен бизди эмдигиче күнөөлөбөгөнүнө таң калдым. Бирок жакында ал да болушу мүмкүн»,-деди.

Конференцияда Түркиянын атынан сөз сүйлөгөн Тышкы иштер министрдин орун басары, элчи Ахмет Йылдыз болсо, Түркиянын акыркы максатынын «ядролук куралдардан тазаланган дүйнө» экенин баса белгилеп, «Атомдук куралдарга тыюу салынышы келишиминин кемчиликсиз жана дүйнөлүк түрдө ишке ашырылышы үчүн туура башталгыч жери»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар